Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын март айынын 05и №25
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Садыр Аке айыл өкмөт башчысы Н.А.Молдакматовдун кайрылуусунун жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутунудусунугуп жана талкуулап чыгып, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагына караштуу Ак-Суу дарясыныны жээгине
чакан ГЭС куруу үчүн ОсОО “Семеновка Энерджиге” жалпы аянты 1,50га болгон жер тилкеси ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Жергиликтүү кеңештин аппараты (жооптуу катчысы) бул токтомду
каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылар
Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы
А.Н. Молдакматовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Садыр Аке айыл
аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев