Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын март айынын 11е №29
Социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунуштала турган чакан дорбоор тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына, Жумушчу топтун « 4 » мартындагы 2026-жылдагыпротоколуна, коомдук угуунун жыйынтыгына таянып, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Социалдык инфраструктуралык чакан долбоордун аталышы: “Темир айылынын Э.Керимгазиев, Кашат айылынын К.Кудайбердиева, Кожояр айылынын Кожояр ата орто мектептерине альтернативдик жылытуу системасын орнотуу (мүмкүнчүлүккɵ жараша акча каражаты жетиштүү болгон учурда айыл аймактагы жылытуу системасында көйгөйү бар ЖОББ же МЧББУларды кошуу менен)”
- Экономикалык төмөнкү багыт “ Чоң Ак-Суу дарыясына мини ГЭС куруу” артыкчылыктуу деп табылсын
2. Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
2.1. Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн. 2.2. Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда, жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын. 2.3. Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
2.4. Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
Төрага Б.С. Чичканбаев