Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
VII - сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы №67
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин №01-17-25/1758 сандуу айылдык кенешке жолдонгон каты жөнүндө жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин жана айылдык
кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин туруктуу комиссияларынын баяндамасын жана сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын №103 "Сырткы видео байкоо жөнүндө” мыйзамынын 8- беренесинин 3-пункутуна, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин”мыйзамынын 13-беренесинин 1-2пунктарына , Кыргыз Республикасынын №123”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесинин 6-пункутунун 4-пунктчасына,27-34 беренелеринин 3-15-2-5-пунктарына таянып ,Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин жана айылдык
кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин баяндамасы жана сунуштары эске алынсын жана тиешелүү беренелерге коюлуп берилсин.
2.Айыл аймактагы 9 билим берүү мекемесине жалпы 630000 сом 2222-беренесине Ички Иштер Министрлигинин видио байкоо тутумуна кошулуу үчүн .
3.Кара-Күнгөй айылындагы жаңы ачылган Көпүрө-Башы бала - бакчанын кошумча курулуш иштери үчүн 530000 сом 3111-беренесине
4.Республикалык бюджеттен каржыланып,айыл аймактагы айылдардын башкы планын (ген .план) жаңыртуу үчүн 8 277,2000 сом 2215 беренесине
5.Райондук архитектуранын айыл аймакка кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн келишимге ылайык 847.8000 сом 2215 беренеге
6. Кушчу-Суу айылындагы, Тоялиев мектебинин жылуулук системасын оңдоого үчүн 252100 сом жана Кара-Күнгөй айылындагы Көпүрө-Башы бала бакчасынын курулуш иштери үчүн 600000 сом 2222-беренесине
7. Айыл аймактагы жалпы билим берүү тармактары үчүн көмүр алууга 940000 сом 2224-беренесине коюлуп берилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин тиешелүүлүгүнө жараша тапшырылсын.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
10 . Бул токтом /www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|