Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 3-августу № 271
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын санариптик трансформациялоону камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, санариптик трансформациялоо процесстерин тездетүү, мамлекеттик маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана киргизүү механизмдерин өркүндөтүү, инженердик-техникалык инфраструктураны өнүктүрүү, «Коопсуз өлкө» долбоорун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү жалгыз берүүчүлөр болуп аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси ички иштер органдарынын санариптик технологиялык системаларын иштеп чыгуу, киргизүү, модернизациялоо жана коштоо боюнча;
2) «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасы инженердик-техникалык инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү, курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу, байланыш линияларын өткөрүү, жабдууларды орнотуу, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле ички иштер органдарынын аппараттык-программалык комплекстеринин, видеобайкоо камераларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 5-пункттун 7-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «укук коргоо органдарын» деген сөздөрдөн кийин «(ички иштер органдарын кошпогондо)» деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |