Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
VII - сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы №69
Кетмен-Дөбө айылдык аймагынын Кетмен-Дөбо айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күнгөй айылынын башкы планын (ген.планын) бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т Багымбаевдин 2025-жылдын 08-августундагы №01-17-25/1758 кат жүзүндөгү сунушун Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба ,жайыт муниципиалдык менчиктеги жер,имарат,архитектура ,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын18-августундагы №6 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесинин 15пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айылдык аймагынын Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күнгөй айылынын башкы планын (ген.планын) бекитүү жөнүндөгү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т Багымбаевдин 2025-жылдын 08-августундагы №01-17-25/1758 сандуу кат жүзүндөгү сунушун жана айылдык кеңештин айыл чарба ,жайыт муниципиалдык менчиктеги жер,имарат,архитектура ,курулуш,транспорт жана экология боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылды 18-августундагы №6 протоколдук чечими эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айылдык аймагынын Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күнгөй айылынын башкы планын ( башкы план жана деталдуу пландаштыруу долбоору) бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Т. Багымбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл чарба,жайыт, муниципиалдык менчиктеги жер, имарат, архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча комитетке тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|