Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Президентинин
2026-жылдын 6-августундагы № 274 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин (мындан ары - мамлекеттик сыйлыктар жана төш белги) техникалык мүнөздөмөлөрүн жана алардын сапатына талаптарды камтыйт.
2-глава. Мамлекеттик сыйлыктарга жана төш белгиге жалпы талаптар
2. Мамлекеттик сыйлыктар жана төш белги тышкы көрүнүшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул Жарлыгы менен бекитилген сыпаттамаларга, ошондой эле ушул Жобонун тиркемелерине ылайык алардын техникалык эскиздерине шайкеш келиши керек.
3. Мамлекеттик сыйлыктардын жана төш белгинин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массасы жана салмагы ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн параметрлерге шайкеш келүүгө тийиш. Ар бир деталдын өлчөмүнүн жана салмагынын көбөйүү же азаюу жагына четтөө чектери ушул Жободо белгиленген ченемдерден ашпашы керек.
4. Мамлекеттик сыйлыктардын жана төш белгинин катар номери болууга тийиш.
3-глава. Мамлекеттик сыйлыктардын жана төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү
5. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жасалат. "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массасы, салмагы жана алардын четтөө чектери төмөнкү таблицада келтирилген.
Деталдын аталышы | Контролдук параметрлери | Номиналдуу өлчөмдөрү, мм | Четтөө чектери, мм | Материалдын аталышы | Массасы, г | Четтөө чектери, г |
Негиз | ||||||
Негизги материал | Сыпатталган айлананын диаметри | 40 | ±0,8 | 585-пробадагы алтын | 15,95 | ±0,50 |
Гальваникалык каптоо | Родий жалатылган катмардын калыңдыгы, мкм | 2 | ±0,5 | 585-пробадагы алтын |
| ±0,01 |
Жалпы | 15,95 | ±0,51 | ||||
Калып | ||||||
Негизги материал | Диаметри | 29х17 | ±0,7 | 585-пробадагы алтын | 8,4 | ±0,35 |
Калыңдыгы | 3,5 | ±0,3 | ||||
Декоративдик жасалга | Муздак эмаль | Эмаль, түсү - кызыл | 0,02 | ±0,01 | ||
Визор түрүндөгү бекиткич | Зымдын диаметри | 1,1 | ±0,05 | 585-пробадагы алтын | 0,5 | ±0,05 |
Жалпы | 8,92 | ±0,41 | ||||
Орточо салмагы | 24,87 | ±0,92 | ||||
"Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин тышкы көрүнүшү жана анын геометриялык параметрлери ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
6. "Эмгек Баатыры" өзгөчө белгиси күмүштөн жасалат. Өзгөчө белгинин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массасы, салмагы жана алардын четтөө чектери төмөнкү таблицада келтирилген.
Деталдын аталышы | Контролдук параметрлери | Номиналдуу өлчөмдөрү, мм | Четтөө чектери, мм | Материалдын аталышы | Массасы, г | Четтөө |
Негиз | ||||||
Негизги материал | Сыпатталган айлананын диаметри | 40 | ±0,5 | 925-пробадагы күмүш | 23,28 | ±0,4 |
Гальваникалык каптоо | Алтын, родий жалатылган катмардын калыңдыгы, мкм | 2 | ±0,5 | 585-пробадагы алтын, родий |
| ±0,005 |
Декоративдик жасалга | Муздак эмаль | Эмаль, түсү - кызыл | 0,03 | ±0,01 | ||
Жалпы | 23,31 | ±0,415 | ||||
Калыбы | ||||||
Негизги материал | Диаметри | 28х16 | ±0,7 | 925-пробадагы күмүш | 3,0 | ±0,2 |
Калыңдыгы | 2 | ±0,3 | ||||
Гальваникалык каптоо | Алтын жалатылган катмардын калыңдыгы, мкм | 2 | ±0,5 | 999-пробадагы алтын |
| ±0,005 |
Декоративдик жасалга | Муздак эмаль | Эмаль, түсү - кызыл, сары | 0,05 | ±0,01 | ||
Визор түрүндөгү бекиткич | Зымдын диаметри | 1,1 | ±0,05 | 925-пробадагы күмүш | 0,5 | ±0,05 |
Жалпы | 3,55 | ±0,265 | ||||
Орточо салмагы | 26,86 | ±0,68 | ||||
"Эмгек Баатыры" өзгөчө белгисинин тышкы көрүнүшү жана анын геометриялык параметрлери ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
7. I даражадагы "Манас" ордени алтындан жасалат. Ордендин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массасы, салмагы жана алардын четтөө чектери төмөнкү таблицада келтирилген.
Деталдын аталышы | Контролдук параметрлери | Номиналдуу өлчөмдөрү, мм | Четтөө чектери, мм | Материалдын аталышы | Массасы, г | Четтөө чектери, г |
Негиз | Сыпатталган айлананын диаметри | 60 | ±1,0 | 585-пробадагы алтын | 78,24 | ±1,8 |
Каптама | Сыпатталган айлананын диаметри | 36,5 | ±0,5 | 585-пробадагы алтын | ||
Калыңдыгы | 3 | ±0,05 | ||||
Каптама үчүн штифт (3 даана) | Зымдын диаметри | 1 | ±0,05 | 585-пробадагы алтын | 0,6 | ±0,05 |
585-пробадагы алтын | 78,84 | ±1,85 | ||||
Бекитүү үчүн винт | Диаметри | 4 | ±0,05 | 925-пробадагы күмүш | 1,7 | ±0,05 |
Узундугу | 15 | ±0,2 | ||||
925-пробадагы күмүш | 1,7 | ±0,05 | ||||
Декоративдик жасалга |
|
| Эмаль, түсү - көк, кызыл | ±0,1 | ||
Бекитүү үчүн бурамасы жок ордендин орточо салмагы | 80,54 | ±2,0 | ||||
Бекитүү үчүн бурама | Диаметри | 20,0 | ±0,2 | Жез эритиндиси | 3,41 | ±0,3 |
I даражадагы "Манас" орденинин тышкы көрүнүшү жана анын геометриялык параметрлери ушул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
8. II даражадагы "Манас" ордени күмүштөн жасалат. Ордендин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массасы, салмагы жана алардын четтөө чектери төмөнкү таблицада келтирилген.