Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын апрель айынын 09у №38
Трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 08-апрелинде №7-протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын Семеновка айылын таза суу менен камсыз
кылуу максатында сууну буроолоп чыгарууга жер, кароолчу үйү, электр трансформаторун орнотууга, скважина насосун иштетүүчү станция бөлмөлөрүн жана ажаткана куруу үчүн №557 контурунан S=0,20га жер тилкесин трансформациялоого уруксаат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт
башчысы Н.А. Молдакматовго милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш
жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев