Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын апрель айынын 09у №39/1
Жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 44-беренесине ылайык Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 08-апрелинде
№7-протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын Корумду айылынын батыш тарабындагы алма
бактын ичиндеги 561-контурунан Мукамбетова Айнура Төлөнбаевнага тиешелүү үйдүн жанындагы 0,20га жер бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Н. Молдакматовго милдеттендирилсин жана тиешелүү келишим түзүлсүн.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жибер
илсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш
жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев