Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын апрель айынын 17и №41
Григорьевка айылындагы А.С. Пушкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин атын өзгөртүү боюнча Ч.Молдоканованын кайрылуусун кароо жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын 2026-жылдын 17-апрелинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагындагы Григорьевка айылындагы А.С. Пушкин
атындагы жалпы билим берүү орто мектебин С.Абдырахмановдун атына өзгөртүү боюнча Ч.Молдоканованын кайрылуусу канагаттандыруусуз калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү
кеңешинин “Калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тɵрага Б.С. Чичканбаев