Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын апрель айынын 17и №46
Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарынын каналдарын суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын
2026-жылдын16-апрелиндеги 8-протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагындагы Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарынын
ички чарбалык суугат каналдары жана лотоктору Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү
кеңешинин“Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тɵрага Б.С. Чичканбаев