Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
Токтом
2026-жылдын апрель айынын 30 №51
Садыр Аке айыл аймагынын Григорьевка айылынын Панфилова көчөсүнүн бейтап кананын түштүк батыш тарабындагы 0,12га жана 0,16га жер тилкелеринин муниципалдык менчикке кайтаруу үчүн сотко берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Молдакматовдун кайрылуусунун, Ысык-Көл райондук прокуратурасынын кайрылуусунун, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин «Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 30-апрелинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтуу кеңеши токтом кылат:
1. Григорьевка айыл өкмөтүнүн 2004-2006-жылдын №190 токтомунун негизинде Жуматаева Зуурабубугө үй салуу максатында берилген 0,12га жерди жана ошого жандаш Григорьевка айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 09-сентябрындагы №157 токтомунун негизинде Чулдуев Тилекмат Абдрасуловичке үй салуу максатында берилген 0,16га жер тилкени муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча сотко арыз менен кайрылууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн орун басары Э.Ашырбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин «Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев