Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын июнь айынын 04ү №55
Жердин багытын өзгөртүү жөнүндө
Садыр Аке айыл өкмөт башчысы Н.А.Молдакматовдун 2026-жылдын 21-майындагы чыгыш 01-9/1607 сандуу сунуштамасынын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участогун которуу (трансформация) жөнүндө» №145 мыйзамынынжана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 26-майындагы
№9-протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын Корумду айылында жайгашкан №650
контурундагы аянты 1,20га түзгөн кайрак айдоо жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн, ден соолук чындоо жана эс алуу паркына «Аделя» ысымы ыйгарылсын "Парк, спорттук же ден соолукту чыңдоочу эс алуу жайына» багытын которууга макулдук берилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы
Н.А.Молдакматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин
“Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев