Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын июнь айынын 25и №60
Трансформатордук көмөк чордонду (КТП) куруу жана орнотуу үчүн жер участогун бөлүү (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикапсынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, калкты жана социалдык объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен жабдуу, ошондой эле КРдин Жер кодексинин 13,- 20-беренелерине жана КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-июнунда №11 отурумунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
көчөсүнүн тургундарын электр энергия кубаттуулугун күчөтүү үчүн Токтогул көчөсүндөгү муниципалдык жерден 12 мерт2 жер тилкесин трансформатордук көмөк чордонду (КТП) жана электр берүүчү чубалгыларды (ВЛ) орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүүгө макулдук берилсин.
байланыш жерлеринин категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү документтердин көктөмөсү (земдело) даярдалсын жана Райондук
мамлекеттик админисрациясынын кароосуна жиберилсин.
борбору” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалына (Кадастр) ушул токтомдун негизинде бөлүнүп берилген жер тилкесинин чек араларын жеринде аныктоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү сунушталсын.
башчысы Н.А. Молдакматовго милдеттендирилсин.
Төрага Б.С. Чичканбаев