Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын июнь айынын 25и №63
Трансформаторду жылдыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
КыргызРеспубликасынын Жер кодексинин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, калктын электр энергиясы менен камсыз болушун жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында, жергиликтүү маанидеги “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-июнунун №11-протоколунун негизинде жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын автожолун жарыктандыруу максатында
“Нур Энергострой” ЖЧКсына 6 трансформатордук подстанциясын орнотууга жер тилкелерин бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Тиешелүү аткаруу органына Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү
Н.А. Молдакматовго жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалына бөлүнгөн жер тилкесинин чек араларын аныктоо жана укук белгилөөчү документтерин мыйзамдуу тартипте жол-жоболоштуруу тапшырылсын.
3. Аймактык электр тармактар ишканасына трансформаторду жылдыруу жана монтаждоо иштерин курулуш, техникалык жана коопсуздук эрежелерине ылайык жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын
айыл өкмөт башчысы Н.А. Молдакматовго жүктөлсүн.
каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев