Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын июль айынын 15и №70
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансынан көпүрөлөрдү Садыр Аке айыл өкмөтүнүн коммуналдык менчигине (балансына) кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, ошондой эле Садыр Аке айыл аймагынын аймагындагы транспорттук каттамдарды жакшыртуу жана көпүрөлөрдү өз убагында тейлөө максатында, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин балансынан Садыр Аке айыл өкмөтүнүн комуналдык менчигине төмөнкү көпүрөлөр кабыл алынсын. Чоң-Ак-Суу жана Кырчын жайлоосунда 5 темир көпүрөнү белгилеген.
Кырчында 2 көпүрө 17м 2 даана, 13м 1 даана,
Чоң-Ак-Суунун боюнда – 32м "САРМ" тибиндеги 1 даана 18м 1 даана көпүрөлөр.
2. Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт
башчысы Н.А. Молдакматовго милдеттендирилсин.
3. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башчысына:
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү. Өткөрүлүп жаткан көпүрөлөрдү айыл өкмөтүн мүлк реестрине киргизүү жана керектүү документтерин тариздөө;
4. Көпүрөлөрдү күтүп жана ондоп-түзөө иштерине зарыл болгон
каражаттарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш
жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Б.С. Чичканбаев