Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
Vlll сессиясы
2025-жылдын 22-сентябрындагы №70
Кетмен-Дөбө айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча чектөөлөр женүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2025-жылдагы № 54 жарлыгын аткарууга алып, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин 15.09.2025-жылдагы № 01-18-27/1976 сунушу , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы №7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап, Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vlll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Кетмен-Дөбө айыл аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» мыйзам талаптары так сактоого алынсын.
3. Ага ылайык, айыл аймагында массалык иш чараларды (үйлөнүү, кыз узатуу үлпөттөр, аш-тойлор, юбилей белгилөө, тушоо той сүннөт той, үй той, жана башка мааракелер) өткөрүү убактысына чектөө киргизилсин, милдеттүү түрдө 22:00ден кечиктирбестен токтотулсун.
4.Бул чектөө боюнча ресторан, кафе, башка ишканалардын ээлерине жазуу жүзүндө билдирмелер берилсин, түшундүрүү иштери жүргүзүлсүн.
5.Жалпысынан аймактагы жашоочулардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге төмөндөгү убакыт аралыгында чектөө киргизилсин: , жумуш күндөрү- саат 22:00ден 7:00ге чейин; дем алыш жана майрам күндөрү- саат 22:00ден 9:00гв чейин;
6.Жогоруда аталган мыйзамдын талаптары, ушул токтом менен белгиленген чектөөлөр боюнча калк ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн, социалдык тармактарга жарыялансын.
7.Ушул токтомдун ченемдеринин сакталышын камсыздоо үчүн тиешелуу мыйзам талаптарына ылайык мамлекеттик органдар менен бирге иш алып баруу жагы , Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
9.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
10.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
Жанызак уулу Нурсултан
|