Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
Vlll сессиясы
2025-жылдын 22-сентябрындагы №71
Жергиликтүү бюджетке 1147,0 лицензиядан ашыкча каражат түшкөндүктөн төмөндөгүдөй беренелерге коюлуп сунушталышы жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин 15.09.2025-жылдагы № 01-18-27/1976 сунушу , бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы №7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап, Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vlll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды сүздүрүп ирээтке келтирүү үчүн техниканын күйүүчү майына аппараттын бюджет счетуна 200,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. (2215)- беренесине
2. Проекттик сметалык документтерди жасатууга аппараттын бюджет счетуна 907,0 мин сом (2215)- беренесине
3. Кызгалдак балдар бакчасынын толуп калган саркынды суусун тазалоого кызмат акысына аппараттын бюджет счетуна 40,0 мин сом. (2215)- беренесине
4. Бала бакчанын атайын эсебиндеги 2215 беренесиндеги 160,0 мин сомду 2222 беренесине которулуп берилсин.
5. Бала бакчанын бюджет эсебине 2111 беренесине 1800,0 мин сом, 310,0 мин сом 2121-беренесине
6. Бала бакчанын атайын счетуна 2218 беренесине 1125,0 мин сом коюлуп берилсин.
7..Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Бобушовго милдеттендирилсин.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
9. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
Жанызак уулу Нурсултан
|