Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
Vlll сессиясы
2025-жылдын 22-сентябрындагы №72
Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан спорт аянтчасы женүнде
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин 15.09.2025-жылдагы № 01-18-27/1976 сунушу ,билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы №7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап, Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vlll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2.Терек-Суу айылында жайгашкан ,Атайын эсеп тарабынан курулган спорт аянтчасын айыл өкмөтүнүн балансасына алууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы , Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
Жанызак уулу Нурсултан
|