Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
Vlll сессиясы
2025-жылдын 22-сентябрындагы №73
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Кырк-Казык айылындагы №13 Коргол мектебине караштуу орто билим берүү мектебинин жабылгандыгына байланыштуу Кырк-Казык айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин 15.09.2025-жылдагы № 01-18-27/1976 сунушу , бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы №7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап, Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vlll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2 Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Кырк-Казык айылындагы №13 Коргол мектебине караштуу орто билим берүү мектебинин жабылгандыгына байланыштуу Кырк-Казык айылынын тургундарынын Коргол мектебине транспорт менен камсыз кылуу боюнча кайрылуусун карап,айдоочунун айлык акысына айына 15 мин өлчөмүндө 3 айлык мөөнөткө 2215 беренесинен төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы , Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
Жанызак уулу Нурсултан
|