Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
Vlll сессиясы
2025-жылдын 22-сентябрындагы №74
Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин 2025-жылга карата сунушталган ижара акыларынын баалары жөнүндө.
Айыл чарба, жайыт, ветеринария, муниципалдык менчиктеги жер, имарат, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча түзүлгөн комиссиянын жана, бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы №7 протоколдук чечимин Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси М. Токтоболот уулунун сунушун угуп жана талкуулап, Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vlll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга карата муниципалдык жер тилкелеринин ижара акыларынын баалары №1 тиркеменин негизинде бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы , Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
Жанызак уулу Нурсултан
|