Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
lX сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №75
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча
өкүлчүлүктүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгынын негизинде , 2025-жылдын 22-декабрында өтүүчү кезектеги IV Элдик Курултайга Кетмен-Дөбө айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылыштын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттарынын жыйындарын өткөрүү чечими кабыл алынсын жана жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүүдө айыл өкмөт боюнча калктын саны эске алынып,
1. Терек-Суу айылы -24делегат
2. Чоң-Арык,Кырк –Казык,Жаны-Арык айылы, -17лелегат
3. Чолпон-Ата,Балыкты айылы-7делегат
4. Мазар-Суу айылы- 10 делегат
5. Ак-Тектир айылы- 12делегат
6. Кара-Күнгөй айылы - 8делегат
7. Кушчу-Суу айылы- 2 делегат
жалпы өкүлдөрдүн саны 80 адамдан ашпоосу эске алынсын.
3.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 01-ноябрь саат 10.00до Кетмен-Дөбө айыл аймагынын маданият үйүнүн залында өткөрүлүүсү белгиленсин.
4.Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Түзүлгөн комиссиянын курамына Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча нускаманын негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууy жагын өзүмө калтрамын.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7..Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С. Алишеров
|