Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
lX сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №76
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т Багымбаевдин
№01-17-25/2309 сандуу айылдык кеңешке жолдонгон каты жөнүндө.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин жана бюджет жана айыл чарба, жайыт, муниципиалдык менчик боюнча комитеттердин туруктуу комиссияларынын баяндамасын жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ,,Бюджеттик кодексинин” мыйзамынын 13-беренесинин 1-2 пунктарына, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-5 пунктарына таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин IX- чакырылышынын кезексиз IX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн бюджет жана айыл чарба, жайыт, муниципиалдык менчик боюнча комитеттердин сунушу эске алынсын.
2.Жайыттын 2215-статьясынан 2222-статьясына 230000 сом акча каражатты жылдырылсын.
3. Кетмен-Дөбө таза аймак” мунципиалдык ишканасынын техникаларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн суралган 170000 сом акча каражатты ,,Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын эсебине айыл аймакка кызмат көрсөткүндүгү үчүн кызмат акысына бөлүнүп берилсин.
4. Бюджеттин элге жардам 2721-беренесинен 420000 сом бюджет аппаратынын 2215-беренесине жылдырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, бюджет жана айыл чарба,жайыт,муниципалдык менчик боюнча комитеттердин тиешелүүлүгүнө жараша тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С. Алишеров
|