Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
lX сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №80
Кетмен-Дөбө айыл аймагында органикалык аймак түзүү жөнүндө.
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин lX чакырылышынын кезексиз lX сессиясы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин Кетмен-Дөбө айыл аймагында органикалык аймак түзүү жөнүндө билдируусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө Органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу ,жашоочуларына экологиялык таза азыктар менен камсыз кылуу ,өндүрүлгөн органикалык азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Кара-Күнгөй,Ак-Тектир айылдарынын базасында Кетмен-Дөбө органикалык аймагы болуп түзүлсүн.
2.Органикалык аймактарта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу биопрепораттарды колдонуу,органикалык азыктарды өндүрүү кайра иштетүү ,тангактоо,сактоо,сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу ,инвестинция тартуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министирлигинин органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба, жайыт .ветеринария ,муниципиалдык менчиктеги жер,имарат,архитектура,курулуш транспорт жана экология боюнча комитетине тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|