Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Xl сессиясынын токтому
2025-жылдын 18-декабрындагы №86
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Т. Багымбаевдин №01-17-25/2783 сандуу айылдык кеңешке жолдонгон каты жөнүндө
Кетмен –Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Т. Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин туруктуу комиссияларынын баяндамасын жана сунуштарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын ,, Бюджеттик кодексинин” мыйзамынын 13-беренесинин 1-2 пунктарына, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27- беренесинин 3 пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын Xl сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөт башчысы Б.Т. Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында
түзүлгөн комитеттердин баяндамасы жана сунушу эске алынсын жана
тиешелүү беренелерге коюлуп берилсин.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы иш- планынан сырткары
“Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципиалдык ишканасы тарабынан
аткарылган жумуштардын саатын,жумушчулардын кызмат акыларын төлөп
берүүгө 424,3(төрт жуз жыйырма төрт миң үч жүз ) миң сом акча каражатын
(2215-беренесине).
3. Токтомду аткарууга алуу жагы, өкмөт башчы Б. Т. Багымбаевге
милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында
жарыялансын.
5.Айылдык кенештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана
токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар
Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын
юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин
туруктуу комиссиясына жүктөлсун.
Төрага |
А.С.Алишеров
|