Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-августундагы № 77 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын РЕГЛАМЕНТИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) ишмердигин жүзөгө ашыруунун тартибин жана эрежелерин аныктайт.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы конституциялык статусу бар туруктуу иштеген мамлекеттик орган болуп саналат жана өз ишмердигин мыйзамдуулук, айкындуулук, ачыктык, көз карандысыздык, коллегиялуулук, адилеттүүлүк жана калыстык принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын референдумдарын (бүткүл элдик добуш берүү) уюштурат жана өткөрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында шайлоо комиссияларынын жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын системасын жетектейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын аткаруунун алкагында ведомстволор аралык жана ички жумушчу топторду түзөт, ошондой эле алардын ишмердигин координациялайт.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердиги Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана анын ишмердигине тиешелүү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле ушул Регламент менен жөнгө салынат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишмердигин мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан көз каранды болбостон жүзөгө ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигине кийлигишүүгө жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдери мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары, саясий партиялар (алардын өкүлдөрү), коммерциялык эмес уюмдар, талапкерлер (алардын өкүлдөрү), байкоочулар, демилгечи топтордун мүчөлөрү, шайлоочулар, референдумдун катышуучулары, ошондой эле шайлоо комиссиялары үчүн милдеттүү.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын жайгашкан жери (почта дареги): 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50.
Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты - www.shailoo.gov.kg.
8. Ушул Регламент менен жөнгө салынбаган маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын башка укуктук актылары менен аныкталат.
2-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:
1) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдарда Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан чыгат;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин уюштурат;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышын чакырат жана анда төрагалык кылат;
4) анын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
5) Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна жана башка документтерине кол коёт;
6) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
7) Борбордук шайлоо комиссиясынын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди жана тапшырмаларды бөлүштүрөт;
8) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жалпы жетекчилик кылат;
9) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарларынын, аппаратынын, төмөн турган комиссиялардын ишмердигин координациялайт жана контролдойт;
10) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын штаттык санын, түзүмүн жана чыгымдарынын сметасын бекитет;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин жана штаттан тышкаркы кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, ишке тартылган кызматкерлерди жумушка алуу боюнча эмгек келишимин түзөт, өзгөртөт жана токтотот;
12) шайлоо комиссияларынын ишмердигин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечет;
13) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн сунуштар, арыздар жана даттануулар жөнүндө маалымдайт жана аларды кароо боюнча ишти уюштурат;
14) ар бир жылдын 1-июнунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорду, референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн практикасы жөнүндө; жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө; шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө ар жылдык баяндаманы жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштарын берет;
15) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарларына, аппаратынын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
16) Борбордук шайлоо комиссиясынын сыйлыктары менен сыйлайт, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку класстык чендерди, Кыргыз Республикасынын ардак жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандарды жеке кабыл алат жана алардын кайрылууларынын каралышын контролдойт;
18) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти уюштурат;
19) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
10. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жок учурда (ооруп калганда, иш сапарында жүргөндө, эмгек же башка өргүүлөрдө жүргөндө ж. б.) анын ыйгарым укуктарын аткаруу төраганын буйругу менен төраганын орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана анын орун басарларынын бир эле мезгилде жумуш ордунда болбошуна жол берилбейт.
11. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарлары:
1) ушул Регламентте каралган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдеттерин аткарышат;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чагылдырууну уюштурушат, шайлоолордун жана референдумдардын маалыматтык өнөктүгүн координациялашат, коомчулук менен байланыш түзүшөт;
3) белгиленген тартипте жарандарды кабыл алышат;
4) өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тапшырмаларды беришет.
12. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тапшырмасы боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишмердигин контролдоого жана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө билдирүүгө;
2) жумушчу топтордун жетекчиси болуп дайындалган учурда алардын ишин координациялоого, ошондой эле шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде төрага менен макулдашып Борбордук шайлоо комиссиясынын бланкындагы расмий каттарга кол коюуга жана аларды шайлоо процессинин субъекттерине жиберүүгө;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндөгү сунуштарды белгиленген тартипте тиешелүү комиссиянын кароосуна киргизүүгө укуктуу.
13. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген ченемдер менен катар милдеттүү:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизилген маселелерди талкуулоодо жыйналыштарга жеке өзү катышууга;
2) жыйналыштарда каралуучу маселелер боюнча добуш берүүгө;
3) жүйөлүү себептер (ооруп калгандыгы, иш сапарында жүргөндүгү, эмгек же башка өргүүлөрдө жүргөндүгү ж.б.) боюнча жыйналышка катыша албай тургандыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына кабарлоого;
4) шайлоолор, референдумдар маселелери жана Борбордук шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоого активдүү катышууга;
5) төмөн турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну жүргүзүүгө;
6) белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардын, алардын өкүлдөрүнүн кайрылууларын кабыл алууга жана кароого милдеттүү.
14. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда келип чыккан кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жобосуна жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
15. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу жана ишмердигинин негизги кепилдиктери "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен жөнгө салынат.