Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын «06» августу № 68/ХX-1
Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2026-жылдын 1-жарым жылдыгында пландан ашыкча түшкөн кирешелерин бөлүштүрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-жарым жылдыгындагы бюджеттик каражаттардын планга ылайык ашыкча аткарылышы боюнча сунушун талкуулап, аталган каражаттарды шаардык маанидеги маселелерди ыкчам чечүүгө жана каржылык тартипти камсыз кылууга багыттоо максатында, Кайыңды шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-жарым жылдыгынын бюджетинин киреше бөлүгүнөн пландан ашыкча аткарылган 13 473895 (он үч миллион төрт жүз жетимиш үч миң сегиз жүз токсон беш) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын төмөнкү иш-чараларды каржылоого макулдук берилсин:
- «аппарат» бөлүмү 70111 – 6200,0 миң сом;
- «мектептер» бөлүмү 70921 – 4031,0 миң сом;
- «муниципалдык менчик бөлүмү» 70626 - 2717,9 миң сом;
- «маданият» бөлүмү 70823 – 500,0 миң сом;
- «бала бакча» бөлүмү – 70911- 25,0 миң сом.
Баардыгы - 13 473,9 миң сом.
2. Кыргыз Республикасынын Биринчи лигадагы футбол клубдарын максаттуу каржылоо программасынын алкагында «Каинда» футбол клубуна максаттуу каражат түшкөн учурда, ал каражат «Каинда» футбол клубунун атайын эсебине (специальный счет) отургузулсун жана «Каинда» футбол клубу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Биринчи лигасынын талаптарына ылайык сарпталсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Н.Капалов |