Загрузка документа…
КЕҢ-КОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-июлу № 32
Кең-Кол айыл аймагына караштуу Көк-Ой айылындагы Ленин көчөсүнө Сатылган Датканын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана Кең-Кол айыл аймагына караштуу Көк-Ой айылынын Сатылган жамаатынын, жергиликтүү тургундарынын кайрылуусун угуп, талкуулап, 2026-жылдын 19-июнунун Көк-Ой айылынын элдик жыйынынын №1 протоколунун негизинде Кең-Кол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Кол айыл аймагына караштуу Көк-Ой айылындагы эски аталышы Ленин көчөсүнүн аты, мындан ары Сатылган Датка атындагы көчө деген аталыш ыйгарылсын.
2. Даректерди алмаштыруу, мамлекеттик каттоо кызматына жана тиешелүү органдарга даректердин базасына өзгөртүү киргизүү Кең-Кол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Сакеевге милдеттендирилсин.
3. Токтом расмий жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Талас облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага |
| М. К. Аширалиев |