Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 1-июлу № 491-т
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 401-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн курамында:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;";
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Бишкек шаарынын мэри.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |