Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №6
Мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин жана Кыргыз Республикасынын “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык , Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 17-январындагы чыгыш № 01-09/25 сандуу катынын жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-февралындагы № 163 сандуу катынын негизинде , Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-февралындагы отурумунун № 2 протоколунун негизинде ,Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.С.Атабеков айыл аймагындагы турак-жай имараттар үчүн салыктын ставкасы 2025-2027-жылдар үчүн 50(элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиев жүктөлсүн.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага : |
А.Мавлянов |