Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/102
Маршруттук каттам жөнүндө
Жангарач айылынын айыл башчысы Р.С.Курманбаевтин маалыматын угуп талкуулап Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши 2026-жылдын 30-июнундагы 16-протоколунун негизинде, Жангарач айылынын тургундарын коомдук транспорт менен өз убагында сапаттуу камсыз кылуу максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сокулук Жангарач маршруттук каттамын жүргүзүүгө макулдук берилсин. Жол кире акысы Сокулук Жангарач 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Гавриловка айыл өкмөтү жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаева жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=124 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |