Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-июну №14/103
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» мыйзамынын жана Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабрындагы №5 токтому менен бекитилген айылдык кеңештин Регламентинин негизинде, арыз ээлеринин оор турмуштук жагдайын жана оор материалдык абалын эске алуу менен, Гавриловка айылдык кеңеш чечим кылат:
1.Гавриловка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Романовка айылынын Заводская к. 4 үйүнүн тургуну Черикбаева Айнагүль О; 20,0 миң (жыйырма миң сом)
-Романовка а. Озерная к. №18 үйүнүн тургуну Т.В.Соловей 20,0 миң (жыйырма миң сом)
-Шалта айылынын Ленин к., №30 үйүнүн тургуну Эржанов Сүймөнкул 20,0 миң (жыйырма миң сом)
-Гавриловка айылынын М.Горький №100 үйүнүн тургун Сапарбаева Аллаида Ж 20,0 миң (жыйырма миң сом)
-Гавриловка айылы, Школьная к Ниязова А.С 20,0 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлсүн. (жыйырма миң сом)
2. Социалдык –экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Н.К.Каяева жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берсин.
3. Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=125 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |