Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/104
Жеке турак үйлөрдү курууга жер участокторун берүү нормасын
белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 9-пунктун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун, Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы №9/56 токтому менен бекитилген "Гавриловка айыл аймагынын жарандарын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу жөнүндө" программасын жетекчиликке алып, Гавриловка айылдык кенеши токтом кылат:
1. Гавриловка айыл аймагында жеке турак жайларды куруу үчүн бөлүнүүчү жер участогунун эң төмөнкү өлчөмү 0,04 г болуп белгиленсин.
2. Гаврилов айылдык аймагынын аймагында жеке турак үйлөрдү курууга берилген жер участокторунун нормасынын өлчөмү 0,4 га дан ашпоого тийиш.
3. Ушул токтом Гавриловка айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жайгаштырылсын.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=126 расмий сайтында жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.М.Мамыркулов |