Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/111
«Жигули» үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын муниципалдык
ишканага өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу максатында жана МИ көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын сунушунун негизинде, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансында турган «Жигули» үлгүсүндөгү автотранспорт каражаты маркасы жигули, каттоо номери 2662SС, чыгарылган жылы 2007 ак түстө, муниципалдык ишканасынын МИ балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө:
-автотранспорт каражатын өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын мыйзамда белгиленген тартипте түзүүнү;
-бухгалтердик эсепке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
-транспорт каражатына тиешелүү каттоо документтерин мыйзам талаптарына ылайык кайра тариздөөнү камсыз кылуу тапшырылсын.
3.Гавриловка айылдык аймагынын муниципалдык ишканасы өткөрүлүп берилген автотранспорт каражатын максаттуу пайдаланууну, техникалык тейлөөнү жана сакталышын камсыз кылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык аймагынын МИ көрктөндүрүү комбинатынын башчысы Шамуза Рашид Мухамеевичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=133 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |