Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу №15/120
Гавриловка айылындагы Школьная көчөсүнө Улуу Ата Мекендик
согуштун ардагери Жумабаев Эмилбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамынын жана Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентинин негизинде, ошондой эле Жумабаев Эмилбектин эл алдындагы эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылындагы Школьная көчөсүнө Жумабаев Эмилбектин ысымы ыйгарылып, көчөнүн аталышы «Жумабаев Эмилбек көчөсү» деп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамына ылайык макулдашуу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлсүн.
3. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан макулдашылып жана мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин:
- көчөнүн аталышы мамлекеттик даректик реестрге киргизилсин;
-даректик маалыматтар жаңыртылсын;
-көчө аталышы көрсөтүлгөн тактайчалар орнотулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=142 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |