Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу №15/121
Гавриловка айылындагы Пушкин көчөсүнө белгилүү кол өнөрчү, зергер
Ибраимов Токтогулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамынын жана Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентинин негизинде, ошондой эле Ибраимов Токтогулдун эл алдындагы эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылындагы Школьная көчөсүнө Ибраимов Токтогулдун ысымы ыйгарылып, көчөнүн аталышы «Ибраимов Токтогул көчөсү» деп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамына ылайык макулдашуу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлсүн.
3. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан макулдашылып жана мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин:
- көчөнүн аталышы мамлекеттик даректик реестрге киргизилсин;
-даректик маалыматтар жаңыртылсын;
-көчө аталышы көрсөтүлгөн тактайчалар орнотулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=143 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |