Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу №15/122
Гавриловка айылындагы Забайкальская көчөсүнө 2010-жылдагы
Апрель революциясынын катышуучусу Кулубаев Жыргалбектин
ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамынын жана Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентинин негизинде, ошондой эле Кулубаев Жыргалбектин эл алдындагы эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылындагы Школьная көчөсүнө Кулубаев Жыргалбектин ысымы ыйгарылып, көчөнүн аталышы «Кулубаев Жыргалбек көчөсү» деп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамына ылайык макулдашуу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлсүн.
3. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан макулдашылып жана мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин:
- көчөнүн аталышы мамлекеттик даректик реестрге киргизилсин;
-даректик маалыматтар жаңыртылсын;
-көчө аталышы көрсөтүлгөн тактайчалар орнотулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=144 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |