Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 15/123
Лизинг аркылуу HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын сатып
алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, ошондой эле Гавриловка айыл аймагынын коммуналдык кызматтарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтүнө лизинг жолу менен HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын сатып алууга макулдук берилсин.
2. HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын лизинг аркылуу сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн.
3. Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына:
-Мыйзамдарда белгиленген тартипте лизинг берүүчү уюмду аныктоо жана лизинг келишимин түзүү;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жана бюджет мыйзамдарынын талаптарын сактоо;
-Бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=145 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |