Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 15/125
Романовка жана Гавриловка айылдарынын көчөсүн жарыктандыруу
үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, калк үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, көчөлөрдү жарыктандыруу системасын жакшыртуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Романовка жана Гавриловка айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бөлүнгөн акча каражаты көчө жарыктандыруу үчүн зарыл болгон материалдарды сатып алууга, электр жабдууларын орнотууга жана монтаж иштерин жүргүзүүгө жумшалсын.
3. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражатты максаттуу пайдалануу жана мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу Гавриловка айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Каражаттын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=147 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |