Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 15/127
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Гавриловка айыл аймагынын ардактуу атуул ыйгаруу боюнча төраганын сунушунун негизинде, Гавриловка айыл аймагы боюнча бир жылда бир жолу ар бир айылдан бирден талапкерлерди колдоо боюнча 2026-жылга карата 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35-жылдыгына карата Гавриловка айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынын Ардактуу атуул наамын ыйгаруу үчүн Шалта айылынан Момункулов Тилен, Романовка айылынан Рыскулбекова Шарипа Мадалбековна, Гавриловка айылынан Терекбаева Апал, Жангаpач айылынан Ширинбаев Курманбек талапкерлер көрсөтүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Гавриловка айылдык кеңешинин башчысынын орун басары-жооптуу катчы М.Т.Тилекматовага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=149 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |