Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX чакырылыштын 15 сессиясы
2026-жылдын 23-июлу №15/128
Гавриловка айыл аймагында таза суунун тарифтерин жана катуу
тиричилик калдыктарын (КТК) жыйнап, алып чыгуу төлөмдөрүн
бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл аймагынын калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу, аймактарды тазалоо жана катуу тиричилик калдыктарын өз убагында алып чыгууну уюштуруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суунун тарифи төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
-Шалта айылы боюнча: 1 куб метр ичүүчү суу үчүн-18 (он сегиз) сом.
-Жангарач айылынын жашоочулары үчүн: Ар бир кожолуктан айына 200 (эки жүз) сом.
2. Гавриловка айыл аймагында, Катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) чогултуу жана алып чыгуу (КТК) үчүн ар бир ай үчүн өлчөмү ар бир кожолуктан - 100 (жүз сом) :
3.Гавриловка айыл аймагынын аймагындагы жайыттарды пайдалануу ижара акысы (баасы) 00,1 га – 150 (жүз элүү) сом бекитилсин:
4. Гавриловка айыл өкмөтүнө караштуу “Көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.М.Шамуза;
-Бул токтомдун талаптарын аткарууну камсыз кылуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин;
-Бекеттилген тарифтерге ылайык каражаттардын өз убагында чогултулушун жана таштандылардын графиктин негизинде үзгүлтүксүз чыгарлышын аткарууга алсын.
4.Бул токтом расмий жарыялангакүндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=150 расмий сайтында жарыяланды
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.М.Мамыркулов |