Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 598 токтомуна) Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитип берилген муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды пайдалануу тартиби жөнүндө 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобо республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитип берилген муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттарды пайдалануу тартибин регламенттейт. 2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр: 1) муниципалдык мүлктү ижаралоо – убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга муниципалдык мүлктү акыга берүү; 2) ижарачы – муниципалдык мүлктү акы төлөнүүчү убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жак; 3) ижарага берүүчү – муниципалдык мүлктү ижаралоо жана ижаралоодон түшкөн каражаттарды чыгымдоо укугуна ээ болгон муниципалдык ишкана; 4) мүлк комплекси – бир бүтүндү түзгөн жана жалпы багыты боюнча пайдаланууну болжолдогон муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттеринин жыйындысы; 5) муниципалдык мүлк – муниципалдык менчикте турган жана муниципалдык ишканага чарба жүргүзүү укугунда жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк; 6) муниципалдык ишкана – мүлкү жана пайдасы жергиликтүү коомчулуктун менчиги болуп саналган жана ага ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилген юридикалык жак; 7) ижаралоодон түшкөн каражат – муниципалдык мүлктү пайдалануу менен байланышкан ижара төлөмү, туум жана башка төлөмдөр түрүндө түшкөн акча каражаттары; 8) ыйгарым укуктуу орган – республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укук берилген бөлүмү. 2-глава. Каражаттарды бөлүштүрүү тартиби 3. Каражаттарды түзүүнүн булактары болуп муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген кыймылдуу жана кыймылсыз муниципалдык мүлк объекттерин акы төлөнүүчү убактылуу пайдалануудан түшүүлөр саналат, анын ичинде: 1) турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар; |