Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXVI сессия
2026-жылдын 28-майындагы №2
«Манас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүшүнө 2024-жылдын1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчетун кароо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 08.04.2026-жылдагы чыг.№ 01-6/284 сандуу каты менен жолдонгон Манас шаарынын 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчетунун жыйынтыгы боюнча Манас шаардык кеӊешинин сессиясында шаардын мэри жана муниципалдык мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда каралып, депутаттардын сунушун эске алуу менен Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн (мындан ары Эсептөө палатасы) Манас шаарынын 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчету эске алынсын.
2.Бюджеттик мекемелердин жетекчилери менен биргеликте, финансылык тартип бузууларды толук өндүрүү жана мындан ары жол койбоо боюнча чаралар көрүү жагы Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин
www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |