Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXVI сессия
2026-жылдын 28-майындагы №3
«Электр жабдууларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги чыг.№01-19/2523 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Пушкин көчөсүнүн №150а дарегиндеги жер тилкени курула турган мектепти электр энергия менен камсыз кылуу максатында орнотулган сырткы электр жабдуулар тармактарын (КРУН) Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Электр жабдууларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |