Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXVI сессия
2026-жылдын 28-майындагы №5
«Манас шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин
“Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционердик
коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 24-апрелиндеги №01-18/2607 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын алкагында социалдык көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
1)Манас шаарынын Д.Малашов көчөсү №51и дарегинде жайгашкан жалпы аянты 570,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-01-0017-2093);
2)Манас шаарынын Д.Малашов көчөсү №51с дарегинде жайгашкан 1000,0 чарчы метр жер (идентификациялык коду 3-10-01-0017-2182).
2.Жер тилкелерин өткөрүп берүүдө максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүү Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Э.Омошев) мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |