Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXVI сессия
2026-жылдын 28-майындагы №6
«Манас шаардык кеңешинин 16.02.2026-жылдагы кезектеги XXIII сессиясынын №8 токтому менен бекитилген Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 15.04.2026-жылдагы чыг.№01-19/2355 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2.2.2. «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдары (бардык категорияга кирген жакыр үй-бүлө 7 баласы бар 16 жашка чейинки балдары бар) пунктундагы кашанын ичиндеги “бардык категорияга кирген жакыр үй-бүлө 7 баласы бар 16 жашка чейинки балдары бар” деген сөздөр алынып салынсын жана төмөнкү редакцияда берилсин:
2.2.2. «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдары;
2.Ушул токтомдун негизинде ишмердүүлүк жүргүзүү жагы Манас шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Талант у. А. |