Редакцияот 24.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын

 

2025-жылдын 24-февралындагы №16

 

“Ардактуу атуул наамын берүү” жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндөгү мыйзамына ылайык Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлеринин жалпы чогулушунун протоколу менен таанышып , талкуулап Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну КРнын ӨКМнин Жалал-Абад шаарындагы №20 өзгөчө кылдаалдар бөлүмүнүн кароол башчысы улук лейтенат Сатыбалдиев Азизбек Таалайбековичке Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиев жүктөлсүн.

 

3. Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага :      

 

                     А.Мавлянов