Редакцияот 28.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин  X чакырылыш

кезектеги XXVI сессия

 

  2026-жылдын 28-майындагы №7

 

«Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан базар баалары боюнча тактамаларды акылуу негизде берүү жөнүндө »

 

Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 7-аперилиндеги чыг.№01-18/21 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан базар баалары боюнча мониторинг жүргүзүлүп берилүүчү тактамалар акылуу болуп, ар бир берилген тактама үчүн 200 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.Тактама үчүн алынган төлөмдөр Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын атайын эсебине түшүрүлсүн.

3.Манас шаарынын мэри (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын (С.Эргешов) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

6.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

    Талант у. А.