Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXVI сессия
2026-жылдын 28-майындагы №8
«Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык автоунаа
базарын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 24-апрелиндеги чыг.№01-18/2609 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги кеңейтилген жыйынында каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык автоунаа базарын аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берүү менен баштапкы баасы 1 500 000 сомдон башталаары белгиленсин.
2.Манас шаарынын мэри (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын (С.Эргешов) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен ижарага берүү боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |