Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXVI сессия
2026-жылдын 28-майындагы №9
«Муниципалдык имаратты ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги чыг.№01-18/2181 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин 24.04.2026-жылдын 24-апрелиндеги кеңейтилген жыйынында каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 24.10.2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын №3-токтому жокко чыгарылсын.
2.Манас шаарынын Барпы Сейил көчөсүнүн №79B дарегинде жайгашкан жалпы аянты 487,7 чарчы метр болгон муниципалдык имаратты аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3.Манас шаарынын мэри (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын (С.Эргешов) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |