Редакцияот 28.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин  X чакырылыш

кезектеги XXVI сессия

 

  2026-жылдын 28-майындагы №10

 

«Манас шаардык кеңештин токтомдоруна өзгөртүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 22-май айындагы чыг.№01-18/3211 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 20-ноябрындагы кезексиз XIX сессиясынын №1-токтомунун 5-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилип, төмөнкү редакцияда берилсин:

“5. Манас шаарынын Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн 66 дарегинде жайгашкан (идентификациялык коду 3-10-10-1007-0038) 42700,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесинен 3200,0 чарчы метр бөлүгүн Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматтык имаратын курууга, 32675,0 чарчы метр бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнө жана “Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактар аралык 04-04 бөлүмүнө жаӊы административдик имарат курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.”

2.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы кезектеги XLIII сессиясынын №6-токтомунун 1-пункту төмөнкү мазмундагы а) жана б) пунктчалары менен толукталсын:

“а) Телтору” ат майданындагы имараттарды жана курулуштарды көз карандысыз баалоочу аркылуу баалатып, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.;

б) Имараттарды аукцион аркылуу сатуу жагы жана имараттарды бузууда коопсуздукду сактоо менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) милдеттендирилсин.”;

3.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы кезектеги XXIII сессиясынын №10-токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктагы “214,0 га” деген сөздөр “200,0 га” деген сөздөргө алмаштырылсын.

4.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылдын 8-декабрындагы кезектеги XX сессиясынын №7-токтомуна өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктагы “Манас шаардык хатибиятка” деген сөздөрдү “Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына” деген сөздөргө алмаштырылсын.

5.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы кезексиз XXII сессиясынын №8-токтомунун 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

6.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

8.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

    Талант у. А.